Салык кызматы үймө-үй кыдырып, салык төлөбөгөндөрдү аныктайт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык документи. Архив
Салык документи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме салыктарды өз убагында төлөбөгөн жарандарга туум эсептелип, 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салына турганын эскертет.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык төлөө мөөнөтү жакындап калганын билдирет.

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК: төрт интернет-провайдер компаниясы 74 млн. сом салык төлөгөн эмес
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин автоунаа салыгын, ал эми 2-сентябрга чейин турак-үйлөргө жана батирлерге, ошондой эле жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл. 

Мекеме салыктарды өз убагында төлөбөгөн жарандарга туум эсептелип, 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салына турганын эскертет. 

Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт. Ага ылайык, МАИ кызматкерлери менен биргеликте транспорт, кыймылсыз мүлк боюнча ар бир үйдү жана батирди кыдыруу иштери уюштурулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0