Сариев укук коргоо органдарына бизнес өкүлдөрүн мыйзамсыз текшерүүгө тыюу салды

Жазылуу
Өкмөт башчысы мамлекеттик органдар ишкерликтин ɵнүгүүсүнɵ тоскоол кылбастан, тескерисинче, анын ɵнүгүүсүнɵ кɵмɵктɵшүүсү зарыл экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Укук коргоо органдары бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн ишкердигине тоскоол кылбашы керектигин премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусуна даярдык көрүү боюнча  кеңешмеде белгиледи.

Сэп санап машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Султанов: Банк кодекси менен аманатчылардын, ишкерлердин кызыкчылыгын коргошубуз керек
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, премьер-министр бизнес коомчулугуна ɵкмɵт тарабынан максималдуу кɵмɵк кɵрсɵтүлɵрүн айтты.

Буга байланыштуу Сариев бардык тийиштүү органдары — УКМК, Коррупцияга каршы кызмат жана ИИМ бизнес ɵкүлдɵрүн мыйзамсыз текшерүүсүнө тыюу салды. 

Өкмөт башчысы мамлекеттик органдар ишкерликтин ɵнүгүүсүнɵ тоскоол кылбастан, тескерисинче, анын ɵнүгүүсүнɵ кɵмɵктɵшүүсү зарыл экенин кошумчалады..

Жаңылыктар түрмөгү
0