Биринчи сугаттан эле жарым килограмм түп байлаган кызылча өстүрүлүүдө

© flickr.com / Alice HennemanКызылча. Архив
Кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамчылатып сугаруунун жаңы технологиясынан кызылчанын түшүмү жайып сугарганга караганда алда канча мол болору, мындай сугаттан суу да үнөмдөлөрү аныкталган.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Кант кызылчасын жаңы технология менен тамчылатып сугаруу мол түшүм бере турганы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыл районунда өткөргөн масштабдуу семинарынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Кыргызстанда малдын башы көбөйүп, сапаты жакшырууда
Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте сапаттуу үрөн өндүрүү, тамчылатып сугаруунун жаңы технологиясы боюнча Чүй боорундагы дыйкан фермерлер үчүн семинар өткөрдү. 

Иш-чарада министр Таалайбек Айдаралиев дыйкандар менен бирге Кара-Суу айыл аймагындагы "Райымбек" үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Роберт Кадыркуловдун жогорку сапатта өндүргөн беде, арпасынын үрөндөрү менен жеринде таанышып, адис элге мол түшүм бере турган үрөн тууралуу түшүндүрмө берди. 

Дыйкан тамчылатып сугаруунун жаңы технологиясы менен өстүрүп жаткан кызылчанын ар бири биринчи эле сугатта жарым килограммдын тегерегинде түп байлаганын белгилейт. Мындан кызылчанын түшүмү жайып сугарганга караганда алда канча мол болору, тамчылатып сугаруудан суу да үнөмдөлөрү аныкталган. 

"20 гектар кызылча талаасын сугаруу үчүн буга чейин 100 куб сугат суу коросо, азыр 40-50 куб суу менен гана сугарылып, мурункудай он күн эмес төрт күндө сугарылып бүтөт. Арык менен жайып сугарганда топурактын асылдуулугу сугат суу менен агып кетип, чоң суу айдоо аянттарын эрозияга учуратса, тамчылатып сугаргандан жер семирткичтер эч жакка акпастан өсүмдүккө азык болот", — дейт Кадыркулов. 

Чарба жетекчиси мындай ийгиликке Кытайдын дыйкан-фермерлеринин иши таанышып, тажрыйба алмашуусунан кийин жеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0