Төө буурчак Кыргызстандын бренди катары Италияга сатылат

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТөө буурчак. Архив
Төө буурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин төө буурчак Түркияга сатылып, ошол жакта сертификаттан өтүп, Түркиянын продукциясы катары Европага экспорттолчу.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Италиялыктар төө бурчакты Кыргызстандын бренди катары түз сатып алууга кызыктар экенин Айыл-чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көлдүктөр быйыл 100 тонна карагат экспорттоого кам көрүшүүдө
Буга чейин Кыргызстан өстүрүлгөн төө буурчак Түркияга сатылып, ошол жакта сертификаттан өтүп, Түркиянын продукциясы катары Европага экспорттолуп келген.

Министр Таалайбек Айдаралиев 1300дөн ашуун компаниянын атынан келген өкүлдөр менен жолукту. Ишкерлер агробизнес багытында кызматташууга ынтызарлыгын билдирди. Өзгөчө алар төө буурчакты Кыргызстандын бренди менен түз сатып алуу ниети бар экенин айтты. Мындай демилгени министр Таалайбек Айдаралиев колдой турганын жана төө буурчакты сатып алуу ишине көмөктөшөрүн билдирди. 

"Кыргызстанда жылына 60 миң тонна төө буурчак өндүрүлөт. Анын 5-6 түрү айдалып, 50 миң тоннадай фасоль экспорттолот. Бул багытта бизге абдан жакшы өнөктөш боло аласыздар. Биз бардык маселе боюнча жардам берүүгө даярбыз", — деди Айдаралиев. 

Белгилей кетсек, ЕАЭБге кирүү алкагында Кыргызстандагы фитосанитардык лаборатория эл аралык сертификатка ээ болгон. Мындан ары төө буурчактын сапаты Кыргызстанда тастыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0