Кара-Кече көмүр кени жана Бишкек-Ош автожолу уюлдук байланыш менен камсыз болот

Жазылуу
Вице-премьер күзүндө боло турган парламенттик шайлоо учурунда бардык добуш берүү участкаларында мобилдик байланыш үзгүлтүккө учурабашы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Республиканын калк отурукташкан бардык жайларын байланыш менен өз убагында камсыздалып бүтүшү керектигин өкмөт алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегия жыйынында вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык аймагы байланыш менен камсыз болушу керек.

"Биринчи кезекте "Бишкек-Ош" автожолуна толугу менен, Кара-Кече көмүр кенинин аймагына мобилдик байланыш жетиши керек. Акыркы мезгилде 81 айылда байланыш жеткиликтүү болсо, жыл аягына чейин дагы 40 калктуу пункт камсыздалышы зарыл. Мындан тышкары, уюлдук байланыш абоненттерин персонификациялоо боюнча жүрүп жаткан иш өз мөөнөтүндө аягына чыгышы керек", — деди Диль.

Вице-премьер күзүндө боло турган парламенттик шайлоо учурунда бардык добуш берүү участкаларында мобилдик байланыш үзгүлтүккө учурабашы керектигин белгиледи.

"Санариптик телеберүүгө өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү зарыл. Санариптик берүүгө өтүп, ал үчүн ресивер сатып алуу керектиги гана айтылууда, башка маалымат жок", — деди чиновник.

Жыйын жүрүшүндө Диль агенттик кызматкерлеринин тажрыйбасын жогорулатып, кадрлар потенциалын сактоо зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0