Майыптардын укугун бузгандар администрациялык жоопко тартылат

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүМайып коляскасы. Архив
Майып коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КРдин Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. 

Майыптын отургучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Документ кагаз бетинде эле калбашы керек — Ниязалиева майыптардын укуктары жөнүндө
Мыйзамда ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктарын, ошондой эле медициналык-санитардык жардам алуу, инфраструктура объектилери, темир жол жана аба транспорт, автовокзалдар, автостанциялар, авиакассалар менен пайдалануу укуктарын бузгандыгы үчүн администрациялык жоопко тартуу каралган. 

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0