Путин Балыкчыда жашаган Дашага ньюфаундленд күчүгүн белекке берет

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин ити менен. Архив
Россия президенти Владимир Путин ити менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даша Россиянын президенти Владимир Путинге иттин сейрек кездешүүчү түрүн белекке берүү өтүнүчү менен кат жазган. РФтин Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько күчүктү бейшемби күнү жеткирип берет.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Балыкчы шаарынын тургуну 10 жашар Даша Яицкая май айында Россия президенти Владимир Путинге ньюфаундленд күчүгүн белекке берүү өтүнүчү менен кат жазган.

Президенттен кандайдыр бир жооп келе турганына Дашадан башка эч ким ишенбегенин Sputnik агенттигине кыздын энеси Галина Яицкая айтып берди. Кызы каттын жообу тууралуу күнүгө сурап турчу.

"Биз мындан эч кандай жыйынтык чыкпайтдеп айтууга батынбадык. Акырындап Путиндин иши абдан көп экенин, ал башка мамлекетте жашай турганын айта бердим. Бирок баланы ишениминен тайдыруу абдан татаал экен", — дейт Галина.

Жакында эле Галинага Россия элчилигинен чалып, Дашанын сураган күчүгү белек кылынарын айтышкан.

Даша күчүктү Дар деп атай турганын билдирди. Балыкчылык кыз аталган породадагы күчүктүү болууну көптөн бери самап келгенин айтат. Ал тууралуу Даша интернеттен окуган. Ошол эле интернеттен РФ президентинин администрациясынын дарегин билип алган.

"Биз Дар экөөбүз чуркап, секирип ойнойбуз! Мен аны досторума көргөзөм. Көрө элек жатып эле аны жакшы көрүп атам", — дейт Даша.

Учурда алты айлык күчүк Казакстандан Кыргызстанга алып келинип, Россия элчилигинде убактылуу жашап жатат. Элчинин жардамчысы Михаил Отмаховдун айтымында, Дар оюнкараак жана абдан шайыр.

"Элчиликтин кызматкерлери күчүктү эшикке алып чыгып сейилдетип турушат. Табити мыкты экен. Бардык талаптарга ылайык тамак берилип жатат. Күчүккө бардык эмдөөлөр жасалган, демек, ал Дашага ден соолугу чың барат", — дейт Отмахов.

Өкүлдүн айтымында, күчүк Дашага бейшемби күнү жеткирилет. Аны Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько тапшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0