Алмазбек Атамбаев Түркия президентине көңүл айтты

© REUTERS / STRINGER/TURKEYСуруч шаарында адам өмүрлөрүн алып кеткен террактынын туугандары. Архив
Суруч шаарында адам өмүрлөрүн алып кеткен террактынын туугандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эли жүрөк үшүн алган кандуу окуяны кайгыруу менен кабыл алды. Боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз деп айтылат телеграммада.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын өлкө жетекчиси Режеп Тайып Эрдоганга Шанлыурфа аймагындагы Суруч шаарында адам өмүрлөрүн алып кеткен террактыга байланыштуу көңүл айтты. 

Дүйшөмбү күнү, 20-июлда Түркиянын Шанлыурфа аймагындагы Суруч шаарында болгон жардыруудан отуз киши өлүп, жүздөн ашыгы жаракат алган.

"Кыргызстандын эли жүрөк үшүн алган кандуу окуяны кайгыруу менен кабыл алды. Боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.

Атамбаев набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0