Аламүдүн, Ала-Арча, Ысык-Ата, Нооруз сууларынын деңгээли көтөрүлүүдө

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздукту сактоо максатында ӨКМ эс алууда жүргөн жарандарге, чет элдик туристтерге, сууга жакын жайгашууга тыюу салып, этият болууну эскертет.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Адаттагыдан катуу ысыктан улам Чүй облусундагы Аламүдүн, Ала-Арча, Ысык-Ата, Нооруз сууларынын деңгээли көтөрүлүп жатканын ӨКМ билдирет.

Ала-Арча дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Ала-Арчанын деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды
Маалыматка ылайык, мындан суу каптоо коркунучу жаралууда. 

Буга чейин Ала-Арча улуттук паркынын, "Энергия" бакча ишканасынын, "Ысык-Ата" курортунун аймагынан өткөн дарыялардын суулары жээкке чыккан учурлар катталган. Суу деңгээли мындан да жогорулап кетсе, маданий-тиричилик имараттарын, жайкы коттедждерди, жолдорду, көпүрөлөрдү каптап кетүү коркунучу бар.

Коопсуздукту сактоо максатында ӨКМ эс алууда жүргөн жарандарге, чет элдик туристтерге, сууга жакын жайгашууга тыюу салып, этият болууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0