Консул: Түркияда болгон жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок

© AFP / DICLE NEWS AGENCYКонсул: Түркияда болгон жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок
Консул: Түркияда болгон жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү, 20-июлда Түркиянын Шанлыурфа аймагындагы Суруч шаарында болгон жардыруудан отуз киши өлүп, жүздөн ашыгы жаракат алган.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Суруч шаарында болгон жардыруудан Кыргызстандын жарандары жабыркабаганын КРдин Анкарадагы консулу Айбек Акаев Sputnik сайтына билдирди.

Дүйшөмбү күнү, 20-июлда Түркиянын Шанлыурфа аймагындагы Суруч шаарында болгон жардыруудан отуздай киши өлүп, жүздөн ашык киши жаракат алган.

Акаев жардыруудан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар такталып жатканын билдирген болчу. Бүгүнкү күнү жаракат алган кыргызстындыктар жок экенин ал белгиледи.

"Түркиянын Ички иштер министрлиги менен байланышып жатабыз, Суруч шаарында болгон жардыруудан Кыргызстандын жарандары жабыр тарткан жок", — деди Акаев.

Анын айтымында, аталган шаарда жашаган кыргызстандыктар бар, бирок, алардын так саны жок.

Давутоглу: Суручтагы терактыга "Ислам мамлекети" террористтик тобунун тиешеси бар
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Суруч шаарында болгон жардырууну катуу сынга алып, ага себепчилерди айыптай турганын билдирген. Ал өз сөзүндө терроризмдин дини, улуту жана мамлекети болбой турганын белгилеп, ага каршы бардык мамлекеттер чогуу чара көрүшү керектигин айтты. 

Ал эми премьер-министр Ахмет Давутоглу алдын ала маалыматтарга ылайык, "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик тобу Түркиянын түштүк-чыгышында орун алган Шанлыурфа провинциясынын Суруч шаарында болгон терактка тийиштиги бар экенин айткан.

Түркиянын Суруч шаары Сирия менен чектешкен аймакта орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0