Турак колониясынан качкандар түрмөгө кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүАялдар колониясы. Архив
Аялдар колониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам расмий күчүнө киргенден тартып үч айга чейин турак колониясынан качкан аялдар же жашы жетек электер кайра кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, "абактан качуу" факты боюнча козголгон кылмыш иши токтотулат.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Жазасын турак колонияда өтөп жаткан аялдар жана жашы жете электер абактан качып, үч айдын ичинде кайра кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-июнда "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жарыялоо жөнүндө" мыйзамга кол коюлган. 

Мыйзам расмий күчүнө киргенден тартып үч айга чейин турак колониясынан качкан аялдар же жашы жетек электер түрмөгө кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, "абактан качуу" факты боюнча козголгон кылмыш иши токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0