Атайы операция учурунда үй-жайы күйүп кеткендерге өкмөт жардам көрсөтөт

© Sputnik / Актан ТемиркановАтайы операция учурунда күйүп кеткен үй-жай. Архив
Атайы операция учурунда күйүп кеткен үй-жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия келтирилген материалдык зыяндын көлөмүн эсептеп, анын натыйжасында берилүүчү жардамдын түрүн өкмөт аныктайт.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Согушчандарды кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операциядан үй-жайы күйүп кеткен жарандарга жардам көрсөтүү үчүн комиссия түзүлөт. 

Проводимая ГКНБ контртеррористическая операция в г.Бишкек по ликвидации оказавших активное вооруженное сопротивление боевиков международной террористической организации завершена. - Sputnik Кыргызстан
УКМК: эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн жок кылуу операциясы аяктады
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

16-июлда Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрү жактагы үйдө жашынды делген эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн жок кылуу учурунда гранаталар ыргытылгандыктан жакын турган башка турак-жайлар да жапа чеккен. 

Ахмедованын айтымында, комиссия келтирилген материалдык зыяндын көлөмүн эсептеп чыгат.

"Комиссиянын чечими менен өкмөт турак-жайсыз калган адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын түрүн аныктайт", — деди ал.

Согушчандарды жок кылуу боюнча атайын операциянын натыйжасында беш үй күйүп кеткен.

Эл аралык террордук топтун мүчөлөрү делинген согушчандар жашынган үйдү алуу учурунда 4 согушчан каза болуп, укук коргоо органынын 4 кызматкери жабыр тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0