Премьер-министр: Ысык-Көлдө жыл бою эс алууга боло тургандай шарт түзүүбүз абзел

Жазылуу
Темир Сариев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары маалында, кышы-жайы иштеген спорттук комплекстер, экотуризм, лыжа базалар курулуш керектигин айтты.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Темир Сариев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары маалында, Ысык-Көлдө жыл бою эс алууга боло тургандай шарт түзүү керектигин баса белгилегенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Казахстандын премьер-министри  Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын премьер-министри Ысык-Көлгө келет
Өкмөт башчы Ысык-Көл калаасында кышы-жайы иштеген спорттук комплекстер, экотуризм, лыжа базалары, эл аралык талапка жооп берген санаторийлер курулушу керектигин айтты.

Ал ошондой эле, Чолпон-Ата шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук комплекстин абалы менен таанышты. Сариев спорт жана дене тарбиянын мааниси жогору экенин айтып, аталган комплекс сыяктуу спорттук жайлардын санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Бардык талаптарга жооп берген бассейн, машыгуу жайлары бар спорттук комплексти курган жеке ишкерлерге Темир Сариев ыраазычылык билдирип, өкмөт мындай демилгелерди колдоого аларын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0