Балдар үчүн алимент төлөөнүн жаңы шарттарын Атамбаев жактырды

Жазылуу
Мыйзам жашы жете элек балдардын алимент алууга укуктарын коргоо максатын көздөйт.

БИШКЕК, 19-июль — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Колдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Никитенко: балдар ата-энеси бар туруп, бөбөктөр үйүнө тапшырылып жатат
Мыйзам жашы жете элек балдардын алимент алууга укуктарын коргоо максатын көздөйт. 

Мыйзамда Үй-бүлө кодексинин 86-беренинин 4-пунктуна эч жерде иштебеген ата-энеден алынуучу алиментти эң аз эмгек акынын эмес, алимент кыркуу жөнүндө жарандык иш каралган жердеги орточо эмгек акынын суммасында белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2015-жылдын 18-июнунда кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн соң 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0