АКШнын КРдеги убактылуу элчисине каршылык нотасы тапшырылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлз. Архив
АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Тышкы иштер министрлиги өтө оор кылмыш менен айыпталып жаткан кишиге АКШнын мамлекеттик департаментинин "Адам укугун коргоочу" наамы берилишин сынга алып, аны тааныбай турганын билдирди.

БИШКЕК, 17-июль — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев каршылык нотасы тапшырганын министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

ТИМ: Аскаровдун АКШ тарабынан сыйланышы улуттар аралык кагылышка алып келиши мүмкүн
Жума күнү, 17-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлз чакырылган. Тышкы иштер министри Абдылдаев Кыргызстанда өтө оор кылмыш иши менен айыпталып жаткан Азимжан Аскаровго АКШнын мамлекеттик департаментинин "Адам укугун коргоочу" сыйлыгынын тапшырылышын сынга алып министрлик аны тааныбай турганын Американын эличисине баса белгилеп айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0