Обама Орозо айт майрамы менен кыргыз элин куттуктады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул майрамда жакын адамдар менен чогу болуп, кедей-кембагалдарга соопчулук иш жасап, диндин касиети аркылуу кеменгерлик, сабырдуулук туурасында ой калчашат, дейт Обама.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Обама куттуктоого жалпы америка эли кошула турганын белгилеген.

"Орозо айында дүйнө мусулмандары, анын ичинде ынтымактуу жана динамикалуу мусулман коомчулугу руханий жактан тазаланып жана тобо келтирүү аркылуу Жаратканга кайрылышат. Бул майрамда жакын адамдар менен чогу болуп, кедей-кембагалдарга соопчулук иш жасап, диндин касиети аркылуу кеменгерлик, сабырдуулук туурасында ой калчашат. Ошол эле учурда Орозо айттагы орозо тутуу, куран окуу биздин дөөлөттөрүбүздүн жана адамкерчилик сапаттарыбыздын жалпылыгын эске салып турат", — деп айтылат куттуктоодо.

АКШ президенти бул жыл жалпы кыргыз элине кубаныч, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык алып келишин каалай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0