Муфтий: эртең Айт намасы бүгүнкү операцияларга карабастан болот

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүМусулмандар намаз убагында. Архив
Мусулмандар намаз убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча жок кылынган согушчандар кайсыл экстремисттик топко кирери аныктала элек.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Эртең Бишкек шаарынын эски аянтында боло турчу майрамдык Айт намазына 16-июлда кечинде болгон атайын операция таасирин тийгизбей турганын КР муфтийи Максат ажы Токтомушев Sputnik сайтына билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучулары 16-июлда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция эски аянтта боло турчу Айт намазына таасир бербейби деп кабатырланышууда.

КР муфтийи Айт намазы боло турганын баса белгиледи.

"Намаз план боюнча болот", — деди ал.

Согушчандарды жок кылуу операциясы. Окуя болгон жердеги сүрөттөр
16-июлда кечке жуук, борбор калаанын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде эл аралык террордук топтун мүчөлөрү делинген согушчандарды жок кылуу операциясы жүрдү. Анын жыйынтыгында согушчан делинген 4 киши жок кылынды. Алар куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн УКМКнын төрт кызматкери да жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Карапайым калк арасында жабыр тарткандар жок.

Азырынча жок кылынган согушчандар кайсыл экстремисттик топко кирери аныктала элек.

Эски аянтта боло турчу Айт намазы 17-июлда эртең мененки саат 6.00дөн 8.00гө чейин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0