Сариев илимий изилдөө институтунун ишмердигин сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султановго премьер-министр кыска убакыттын ичинде өкмөттүн стратегиялык чечимдерди кабыл алуусуна илимий, аналитикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү, өлкөнүн экономикалык абалы боюнча оперативдүү түрдө анализ жүргүзүп, кооптуу тармактарды аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Талант Султановду кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы аталган институттун ишмердигин сынга алып, өз милдетин тиешелүү деңгээлде аткарбай жатканын айтты.

"Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту мамлекеттик органдардын ишмердигине анализ жасап, коомдогу социалдык-экономикалык абалды, маселелерди аныктоо жана өкмөттүн стратегиялык чечимдерди кабыл алышында илимий, аналитикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүүсү зарыл. Бирок учурда институт мындай ишмердүүлүктү жүргүзбөй жатат", — деди Сариев.

Сариев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйлөрдү көрдү
Султановго премьер-министр кыска убакыттын ичинде өкмөттүн стратегиялык чечимдерди кабыл алуусуна илимий, аналитикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү, инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана өлкөнүн интеллектуалдык ресурстарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо, өлкөнүн экономикалык абалы боюнча оперативдүү түрдө анализ жүргүзүп, кооптуу тармактарды аныктоо жана аларды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. 

Муну менен катар аталган институтка өкмөттүн аппараты менен тыгыз иш алпаруу тапшырмасы да берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0