Адал белгисин мыйзамсыз пайдаланган ишканалар аныкталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүХаляль жазуусу. Архив
Халяль жазуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозонун башталышы менен Адал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борборунда жергиликтүү адал тамак-аш жана азыктардын курамындагы заттар жөнүндө так маалымат берүүчү маалыматтык кызмат ачылган.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Адал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борборунун логотибин товарлардын таңгагында мыйзамсыз колдонуулар көбөйгөнүн борбордун маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, мындай фактылар суу өндүрүүчү "Асар-Груп" ишканасынын жана "Магия вкуса" пельменин өндүрүүчү компаниянын ишмердүүлүгүндө аныкталган. 

Мыктыбек Арстанбек: "Халал" деп ишенип жей бербей, жарандар да азык-түлүктү текшериши керек
Мындан улам борбор логотибин мыйзамсыз колдонуу фактылары боюнча жана тастыкталган продукция тууралуу маалыматты тактоо үчүн кардарларды маалыматтык кызмат менен байланышууга чакырат. 

Борбордун логотиби 2014-жылдын 3 июлунда Кыргызпатентте катталган. 

Эске салсак, орозонун башталышы менен Адал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борборунда жергиликтүү адал тамак-аш жана азыктардын курамындагы заттар жөнүндө так маалымат берүүчү маалыматтык кызмат ачылган. 

Кызматтын номери 0312 89-14- 90 0555 89-14- 90 0707 666- 881.

Аталган коомдук бирикме үч жылдан бери иш алып барат. Ага 100гө жакын ишканалар катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0