Коргоо министри офицерлер эмне үчүн батирден чыгарылганын териштирет

Жазылуу
"Жал" кичи районундагы 30тан ашык батир турак-жайга муктаж болбогондорго берилген деген жүйө менен офицерлерди ал жактан чыгарышкан.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. КР коргоо министри Абибилла Кудайбердиев аскер кызматкерлерине берилген бекер квартиралар боюнча териштире турганын жана турак-жайдан чыгарылган офицерлердин маселесин чечип бере турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Дүйшөнбеков билдирди.

Караколдогу үйсүз согуш ардагерине Атамбаев батир белек кылды
Анын айтымында, аскер кызматкерлери 2014-жылы "Жал" кичи районунан бекер алышкан. Эки офицердин батирлер адилетсиз бөлүнгөнүн айтып арыздангандан кийин өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин турак-жай боюнча комиссиясынын мүчөлөрү 30дан ашык батирди турак-жайга муктаж болбогон аскер кызматкерлерине мыйзамды бузуу менен бөлүп бергенин аныктаган.

Ушундан улам, 20-июнда аскер кызматкерлери аталган батирлерден чыгарылган. Бул талаш маселеге сот чекит коймокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0