Сурамжылоо: америкалыктар полициянын арасында расистик маанай бар экенин белгилешет

© AFP / ANDREW CABALLERO-REYNOLDSСурамжылоо: америкалыктар полициянын арасында расистик маанай бар экенин белгилешет
Сурамжылоо: америкалыктар полициянын арасында расистик маанай бар экенин белгилешет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Sputnik. Пикирлер" долбооруна катышкандардын үчтөн бир бөлүгү АКШ полициясынын арасындагы расистик көз караштарга көбөйгөндүктөн полициянын колунан өлгөн афроамерикалыктар көбөйүп жатат деген пикирде.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. АКШда жашагандардын үчтөн бир бөлүгү укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер арасында расистик көз караш жайылгандыктан полициянын колунан каза болгон афроамерикалыктардын саны өсүп жатат деген пикирде. Мындай жыйынтык британиялык ICM Research изилдөө институту "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоосунун натыйжасында алынган.

"Америкалыктардын жарымынан көбү (51 пайыз) полициянын колунан өлкөн афроамерикалыктардын көбөйүшүн коомдо болуп жаткан агрессияга жана зомбулукка байланыштырышат. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири (33 пайыз) АКШ полициясынын арасында расистик көз караштын көбөйүшүнө байланыштырышат", — деп айтылат документте.

Сурамжылоого катышкандардын ар бир бешинчиси (22 пайыз) полиция кызматкерлеринин профессионалдыгы жетишпегендиктен алардын колунан каза болгон афроамерикалыктардын саны өсүп жатат деген пикирде. АКШнын болгону 8 пайыз жашоочусу эч кандай обьективдүү себеп көрбөй турганын билдирген.

Сурамжылоо ICM Research компаниясы тарабынан Sputnik агенттиги үчүн 2015-жылдын 1-майынан 4-майына чейин АКШда жүргүзүлгөн. Ага 2 047 киши катышкан. Сурамжылоого катышкандардын жынысы, жашы, жашаган аймагы эске алынган. Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0