Улуттук валюта жарнамалык аянт катары колдонулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЭски жыртык акча кармаган адам. Архив
Эски жыртык акча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын экспертинин айтымында, улуттук валютага болгон одоно мамиле мамлекетке болгон мамилени чагылдырып турат. Акчанын сырткы көрүнүшү мамлекеттин экономикалык жана саясий кадыр-баркынан кабар берет.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы калкты улуттук валютага аяр мамиле жасоого чакырат. 

Улуттук банктын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, акыркы кезде атайы жараксыз абалга келтирилген улуттук купюра жана монеталар көбөйүп кеткен.

"Жакында эле жарнамалык билдирүүлөр жайылтылып, жараксыз болгон кагаз акчалары жана монеталар катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук банктын эксперти Эмил Курманалиев улуттук валютага болгон одоно мамиледен улам ал телефон номерлерин, ар кандай жазууларды жазган блокнотко айланып кетип жатканын белгилейт.

"Сомго болгон мындай одоно мамиле жарандардын өзүнө, мамлекетке болгон мамилесин тастыктап турат. Улуттук валюта – бул мамлекеттин жүзү. Өлкө тууралуу алгачкы пикирлер чет элдиктердин колундагы жергиликтүү валютадан улам пайда болот. Акча бетиндеги узун-туура чийилген жазуулар көп жакшы ой жаратпаса керек. Балким, бул бирөөлөр үчүн майда-барат нерседир, бирок, дал ушундай майда-чүйдөлөр мамлекеттин саясий жана экономикалык кадыр-баркынан кабар берип турат", — дейт эксперт.

Курманалиев акчага аяр мамиле жасоо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0