Башкы штаб: Омскиде окуган КР жарандары бар, алар каза болгондордун арасында жок

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери ураган имаратыныны алдында. Архив
Аскер кызматкери ураган имаратыныны алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Омск шаарында Кыргызстандан барган 16 аскер бар. Алардын баары Аскер академиясынын материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын угуучулары.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Омскиде кулаган аскер казармасынын урандысында калып каза болгон кыргызстандык аскерлер жок. Бул тууралуу Sputnik сайтына КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматынан билдиришти.

Омскидеги казарманын урашынан 13 адам каза болду
Жекшемби күнү кечинде Омск шаарынын четинде жайгашкан аба десант аскерлеринин 242-окуу борборунун төрт кабаттуу казармасынын имараты ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, уранды алдында калып 23 киши каза болгон.

Башкы штабдан билдиришкендей, Кыргызстандан баргандар аталган окуу борборунда болгон эмес. Омск шаарында Кыргызстандан барган 16 аскер бар. Алардын баары Аскер академиясынын материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын угуучулары болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0