Борбукеева: жайлоо бакчасы чабан, фермерлердин балдарына кызык болуп жатат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖайлоо чабаны. Архив
Жайлоо чабаны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайлоо бала бакчаларынын саны быйыл Ысык-Көл дубанында былтыркыга караганда дагы бешке көп ачылмакчы.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусу боюнча быйыл жыйырмага жакын жайлоо бала бакчасы ачылат. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева билдирди.

Анын айтымында, зарыл болгон китептер менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" каржылады, ал эми калган каржылык чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрүп жатат. Балдар бул жерде күнүнө үч саатка жакын билим алат. 

"Азыр Ак-Суунун Чымынды-Сай, ал эми Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунда ачылды. Андан сырткары Тоң, Ысык-Көл райондорунун жайлоолоруна пландап жатабыз. Ар бир топто 20дан отузга чейинки бөбөктөр билим алат. Бакчага барган бул аймакты жайлаган, чабандар менен фермерлердин балдарынын кубанычы жана кызыгуусу чоң болуп жатат", — деди Борбукеева.

Борбукеева тарбиячылардын маселесин жергиликтүү бийлик ыңгайлаштырып чечип берип жаткандыгын, бир катар эжекелерге айлык төлөнүп берилсе, бир катар мугалимдер менен тарбиячылар бир нече күндөн кезектешип окутаарын кошумчалады. 

Мындан сырткары "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду жайлоодогу бала бакчаларга барып иштөөгө ыктыярчыларды чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0