Атамбаев чек ара аймактарын аныктоодо ишеним тууралуу эскертти

Жазылуу
Президент Кыргызстан Казакстан менен чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө жөнүндө макулдашууга ратификациялаганын белгиледи.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу негизде чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө жөнүндө макулдашууну иштеп чыгып, кол коюу демилгесин көтөргөндүгүн эске салганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Атамбаев Уфадагы ШКУ саммитинен кечээ кечинде Бишкекке учуп келди
10-июль күнү Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Башчыларынын кеңейтилген кеңешине катышты.

Атамбаев 2014-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн ШКУнун Саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу негизде чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө жөнүндө макулдашууну иштеп чыгып, кол коюу демилгесин көтөргөндүгүн эске салды. Президент мындай макулдашуу Казакстан менен Кыргыз Республикасынын ортосунда кол коюлуп, эки мамлекетте тең ратификациялангандыгын белгиледи. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын башка кошуналары тарабынан дагы бул демилге колдоого алынат деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, өлкө башчы өз сөзүндө коопсуздукту камсыз кылуу приоритеттүү маселелердин катарында калышы керектигин белгиледи. Ал өткөн отурумдан бери региондо жана жалпы эле дүйнөдө кырдаал өзгөрдү, туруксуздуктун жаңы очоктору пайда болуп, радикалдуу-экстремисттик уюмдар кыйла жандана баштаганын айтты. 

"ШКУнун алкагында коопсуздукту бекемдөө багытындагы иштерди активдештирүү зарыл. Кыргызстан Афганистанда тынчтык, туруктуулук болушуна кызыктар жана Афганистан өкмөтүнүн өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга, демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук пландарын ишке ашырууга багытталган аракеттерин кубаттайт", — деди президент.

Мамлекет башчысы баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн өсүшү региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого коркунучтардын бири экендигин баса белгиледи.

"Биз кабыл алып жаткан баңгикоркунуч көйгөйү боюнча Билдирүү жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ШКУнун Конвенциясынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу чечим ШКУнун алкагында биргелешкен күрөштү улантууга жана аны күчөтүүгө чечкиндүү даярдыгыбызды далилдеп турат", — деди Атамбаев.

Чек ара пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматы: өткөрүү пункттары чек аралардын ачылышына даяр
Башкыртстандын борбору Уфа шаарында 8-9-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Уюмга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Афганистан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан өлкөлөрү байкоочу статусуна ээ. 

ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери 2015-жылдын 3-сентябрында Кытайда Дүйнөлүк экинчи согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына чогулушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0