Отунбаеванын АКШда жасаган билим берүү, маданият боюнча баяндамасы кызыгуу жаратты

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отунбаева туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилеп, теңсиздик, коррупция, миграция жана гендердик аспектилер тууралуу пикирин билдирди.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин жыл сайын өтүүчү министрликтин иш-чарасына катышты. 

Иш-чара 8-10-июль күндөрү БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өттү.

Базарбаев: Кыргызстан БУУ институттары менен тыгыз кызматташууда
ТИМ маалымат кызматы билдиргендей, анын ачылышында Отунбаева миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан 2015-жылдан кийинки туруктуу өнүгүүгө өтүү боюнча өз пикири менен бөлүштү.

Жетишилген ийгиликтерге баа берип жатып, экс-президент миң жылдык өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы топтолгон тажрыйба 2015-жылдан кийинки өнүгүүдө эске алынышы керектигин айтты.

Отунбаева туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилеп, теңсиздик, коррупция, миграция жана гендердик аспектилер тууралуу пикирин билдирди. 

Билим берүү жана маданият, алардын туруктуу өнүгүүдөгү орду жана мааниси тууралуу айтылган сөз катышуучулардын өзгөчө көңүл буруусуна арзыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0