Чуулгандуу видеого түшүрүлгөн инспекторлордун ишин Коррупцияга каршы кызмат карайт

© Болот Ибрагимов"Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня" видеосунан үзүндү. Архив
Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня видеосунан үзүндү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кайгуул кызматынын эки инспекторунун үстүнөн козголгон иши УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин бул ишти Бишкек прокуратурасы карап келген.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Айдоочу Болот Ибрагимовго карата жол инспекторлорунун туура эмес мамилеси боюнча козголгон кылмыш ишин УКМК Коррупцияга каршы кызмат (ККК) карай турганын Sputnik агенттигине Бишкек ШИИБ маалымат катчысы Олжобай Казакбаев билдирди.

Инспектор кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуулгандуу видеодогу инспекторлор кызматынан бошотулду
30-июнь күнү социалдык тармактарда ЖКК инспекторлорунун үч жүргүнчүсү бар унааны токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Машинада отургандар 28-июндан 29-июнга караган түндө болгон бул окуяны видеого тартып алышкан. Инспектордун пара талап кылып жаткан жерин тартып алгандан кийин сыртка чыгып кызматкерлердин документтерин сурашкан. Инспекторлордун жанында турган жарандар кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеого ээ болуу үчүн инспекторлор машинанын артынан кууп, мамлекеттик номерин жулуп алышканын жүргүнчүлөрдүн бири Болот Ибрагимов маалымдайт. Учурда кууган жарандардын бири кармалып, экинчиси изделүүдө.

Казакбаев эки инспектор кызматтан четтетилип, аларга карата иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. 

"Буга чейин пара талап кылуу боюнча ИИМ Жол кайгуул кызматы кызматтык териштирүү жүргүзүп, инспекторлорго сөгүш жарыяланган. Материалдарга юридикалык жактан баа берүү үчүн алар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Аталган инспекторлор кызматтарынан бошотулду. Эми ишти ККК карайт", — деди маалымат катчы.

Казакбаев инспекторлорго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмалоо, ал эми алардын жанындагы жарандарга бейбаштык беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0