Шайлоого катышам десең жаңы паспорт ал

Жазылуу
КР Баш мыйзамына ылайык, алдыда боло турган парламенттик шайлоого жарандар ID-карта же жалпы жарандык паспорт менен гана добуш бере алышат.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Кыргызстанда 60ка чыккан жарандарга акысыз паспорт берүү жараяны башталганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Баткен облусунда паспорту жок жүргөн жарандарга паспорт берилди
Маалыматка ылайык, 1994-жылы берилген паспортторду 2004-жылы чыккан улуттук үлгүдөгү паспортко (ID-card) алмаштыруу сунушталууда. 

Мында 60 жаштагы жарандар катталган жеринен паспорт бөлүмдөрүнө кайрылып, эски паспортун ID-картага акысыз алмаштыра алат. 

КРдин Баш мыйзамына ылайык, алдыда боло турган парламенттик шайлоого жарандар ID-карта же жалпы жарандык паспорт менен гана добуш бере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0