Президенттин айылы Арашанга кире турган жол убактылуу тосулду

© Sputnik / Табылды КадырбековАрашан айылына кете турган жолду убактылуу тосулду.
Арашан айылына кете турган жолду убактылуу тосулду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айылына кире турган жолго шлагбаум коюлуп, учурда ал жерде мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, милиция жана Жол кайгуул кызматынын инспекторлору турат.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери президент Алмазбек Атамбаевдин каза болгон агасы Калыйбек Шаршенов жерге бериле турган Арашан айылына кетчү жолду убактылуу тосту. Бул туурасында аталган аймактан Sputnik маалымат сайтынын кабарчысы билдирди. 

Атамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Уфага агасы жерге берилгенден кийин учуп кетет
Президенттин 64 жаштагы агасы Шаршенов шаршемби күнү, 8-июнда абалы кескин начарлап, кечинде каза болгон

Президенттин айылына кире турган жолго убактылуу шлагбаум коюлуп, учурда ал жерде мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, милиция жана Жол кайгуул кызматынын инспекторлору турат. 

Кызматкерлер киргендерди сүрөткө жана видеого тартчу жабдыктарды алып   өтпөөнү суранышты. Айылга негизинен маркумдун илик-чачышын, тааныштарын киргизип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0