Баткен шаарында бүгүн жарандыгы жок адамдарга паспорт тапшырылат

Жазылуу
Жарандыгы жоктордун көбү Кыргызстанда туулуп-өскөн, бир катарлары чет өлкөдөн келип жергиликтүү калк менен аралашып кетишкендер.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Баткен облусунда бүгүн 15 адамга Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорт тапшырылат. Бул туурасында БУУнун Кыргызстандагы Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын кызматкери Айнагүл Абдрахманова билдирди.

"Баткен шаарында бүгүн Кыргызстандын жараны деп табылган 15 адамга анын ким экендигин тастыктаган паспорт тапшырылат", — деп билдирди Абдрахманова.

Баткен облусунда паспорту жок жүргөн жарандарга паспорт берилди
Анын айтымында, документ алгандар жарансыздыктын алдын алуу жана жоюу максатындагы "Чечүү үчүн демилге" деп аталган долбоорунун алкагында документтүү болгон 3200 адамдын ичине кирди. 

Бул иш-чараларды Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип жасашууда. 

Буга чейин Жалал-Абад жана Ош облустарынын паспорт столдорунда жарандыгын жокторго паспорт тапшырылды.

"Бүгүнкү күндө дүйнөдө 10 миллиондон ашык адам жарансыз болуп, "көрүнбөс" — аты-жөнү жана кайсы өлкөгө таандык экендигин билдирген документи жок жашап жатат. Кыргызстан жарансыздыктын алдын алуу жана азайтуу боюнча, социалдык укуктарын орундатуу боюнча иш-чаранын абдан жакшы аткарып жаткан өлкөлөрдүн бири катары таанылууда. Биздин жаңы жарандар үчүн абдан кубанычтамын", — деди БУУнун Бишкектеги Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Маки Шинохара.

Жарансыздардын көбү Кыргызстанда туулуп-өскөн, бир катарлары чет өлкөдөн келип жергиликтүү калк менен аралашып кетишкендер. Алардын арасында Кыргызстандын жарандарына турмушка чыгып, бирок, атуулдугун чечилбей жүргөн чет элдик кыргыз келиндери арбын.

Жаңылыктар түрмөгү
0