Хабаровскидеги окуу жай кыргызстандыктарга биринчи ирет бюджеттен 117 орун бөлдү

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүАбитуриент сынакка даярдануу кезинде. Архив
Абитуриент сынакка даярдануу кезинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган шаардагы университетке өтүү үчүн кыргызстандык абитуриенттерге экзамен Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университети биринчи жолу кыргызстандыктар үчүн 117 бюджеттик орун бөлүп жатканын Кыргызстандын Ыраакы Чыгыштагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев Sputnik сайтына билдирди.

Кыргызстандык студенттер үчүн университет беш жылдык билим берүү программасы боюнча бюджеттен 70 орун, бакалавриатка 47 орун караган. Бардык студенттерге стипендия жана жатакана берилет.

8-июлдан 10-июлга чейин Бишкек шаарында абитуриенттер үчүн кирүү экзамендери өтөт.

"Тест үч предмет боюнча болот. Алар: орус тили, математика жана физика", — деди Мырзабаев.

Ыраакы Чыгыштагы эски университеттердин бири 1937-жылы түптөлгөн. Ал Хабаровск шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0