Баткен: тажик жараны кайсы тараптын огунан өлгөнүн аныктоо башталды

Жазылуу
Баткен облусунун Көчө-Карын айыл аймагына жакын жайгашкан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чатакта ок жеген тажик жараны ооруканадан каза болду.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Баткен облусунун Көчө-Карын айыл аймагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы адамдын өмүрүн алган окуя Кыргызстандын аймагына чек арадан 80 метр ичкери жерде болгон. Бул туурасында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чатактын себебин аныктоо үчүн болгон жолугууда белгилүү болгонун  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Атышуудан жаракат алган тажик жараны ооруканада көз жумганын Тажистан тарап жолугушуу учурунда кабарлады. 

"Тажикстан тарап окуя учурунда ок жеген жараны ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгонун билдирди. Тергөө органдарынын алдында ал жаран кимдин куралынан ок жегендигин аныктоо иштери турат", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан бир тажик жараны жабыркады
Тараптар жолугушууда ар ким өзүнчө иликтөө жүргүзүп, анан жалпы жыйынтык чыгаруу үчүн бири-бирине тапшырууну макулдашты. Андан сырткары, мамлекеттик чек арада  өзүн кандай алып жүрүш керектиги боюнча кошумча окууларды жүргүзүүнү сүйлөшүштү. 

Баткен облусунун Көчө-Карын айыл аймагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада 6-июнда куралдуу кагылыш болуп, тажик жараны ок жеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0