Алайда бала бакчалар курулууда

© пресс-служба Минфин КРКурулуп аткан бала бакча. Архив
Курулуп аткан бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштери башталгандан тарта республикалык бюджеттен жалпысы 11 миллион сом бөлүнгөн, анын үч миллиону быйыл берилди.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Алай районунда бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулуп жатканын Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарында 95 орундуу бала бакча Эгемендик күнүнө карата ачылат
Маалыматка ылайык, бала бакчалар бюджеттик каражаттын эсебинен курулууда. Гүлчө айылындагы имараттын курулушу 2014-жылы башталган, жалпы сметалык баасы 38,8 миллион сомду түзөт.  Курулуш иштери башталгандан тарта республикалык бюджеттен жалпысы 11 миллион сом бөлүнгөн, анын үч миллиону быйыл берилди. 

Ал эми экинчи бала бакча Жошолу айылында жаңыдан курула баштады. Имараттын болжолдуу сметалык баасы 15 миллион сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0