Сариев оң рулдуу автоунаада жүк ташуунун жолун тапты

Жазылуу
Анын айтымында, өкмөт бардык оң рулдуу автоунааларга коммерциялык жүк ташуу менен алектенүүгө уруксат бере албайт.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, оң рулдуу унааларда жүк ташуу тууралуу өз пикирин билдирди.

Февралда президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү 3-июнга туура келген. Ал эми 2016-жылдын 1-январынан баштап аталган унаанын търъ менен коммерциялык жүк ташыган айдоочуларга айып пул салынат.

"Бизде оң рулдуу автоунаалар абдан көп. Бул маселени чечүү үчүн рулду сол жакка алмаштыруучу стационардык ишкана куруу керек. Алмаштыруу андай деле кымбат турбайт, чыккан жылын, баасын жана унаанын көлөмүн эске алуу менен 1500-2000 доллар болот", — деди премьер-министр.

Анын айтымында, өкмөт бардык оң рулдуу автоунааларга коммерциялык жүк ташуу менен алектенүүгө уруксат бере албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0