Сариев чет өлкөлүк фермерге болгон кол салууну териштирүүнү тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар маалымат каражаттары Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында ишмердик кылган Британиядан келген фермерге кол салуу болгонун жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган Чүй облусундагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Британиядан келген фермерге кол салууга байланыштуу чырды иликтөө тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев: Кыргызстандын куралдуу күчтөрү бандалык топторго сокку берүүгө даяр
Бир катар маалымат каражаттары Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында ишмердик кылган Британиядан келген фермерге кол салуу болгонун жазып чыгышкан.

Сариев өкмөт инвесторлордун мыйзам көрсөтүлгөн коопсуздугун жана укугун коргоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жаткан учурда мындай окуялардын орун алышы өлкөдөгү инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Буга байланыштуу Ички иштер министрине аталган окуяны териштирип, жыйынтыгы боюнча коомчулукка кабардар кылууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0