Министр Базарбаев веложарышка катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСоциалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Архив
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоого бир гана жөлөк пул берүү кирбейт, алардын жашоосу үчүн шарт түзүп берүү керектигин Базарбаев белгиледи.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев "Сергек жашоо үчүн" спорттук иш чаранын алкагында уюштурулган веложарышка катышканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте уюштурулган спорттук майрам Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган.

"Калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоого бир гана жөлөк пул берүү кирбейт, алардын жашоосу үчүн шарт түзүп берүү керек. Андыктан биз реаблитациялык борборлорду, карылар, балдар үйлөрүн ачып жатабыз", — деди ал.

Министр ошондой, мамлекеттин социалдык тапшырыгынын алкагында министрлик майып балдар үчүн атайын олимпиадаларды колдойт. Бул жылы Нарын, Жалал-Абад облустарынан келген балдар Бишкекте өткөн мини-футбол боюнча турнирге катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0