ӨКМ балдарга сууга түшүүнүн эрежесин сунуштайт

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКөлдүн жегинде. Архив
Көлдүн жегинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруу кызматынын жетекчиси Адилбек Чаргыновдун айтымында, көлдөрдө "Зеленстрой" ишканасынын штаттан тышкаркы куткаруучулары көзөмөл жүргүзүшөт.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы шаарда сууга түшүү мезгили башталышы менен Кара жыгач токоюндагы "Комсомол" жана "Пионер" көлмөлөрүндө эс алуучулардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзө турганын билдирип, балдар үчүн сууга түшүү эрежелерин айтып берди.

Куткаруу кызматынын жетекчиси Адилбек Чаргыновдун айтымында, көлмөлөрдө "Зеленстрой" ишканасынын штаттан тышкаркы куткаруучулары көзөмөл жүргүзүшөт.

"Биздин куткаруучулар алдын алуу жана куткаруу иштерин аткарат", — дейт Чаргынов.

Куткаруучулар күнүгө саат 12.00дөн кечки саат 9га чейин иштешет. 

Министрлик сууга түшүү коопсуздугун сактоо керек экенин белгилеп, балдар үчүн атайын эрежелерди сунуштайт: 

 

  • сууга ашып кетсе 15 мүнөт чоңдордун көзөмөлү менен түшүү керек;
  • тамактангандан кийин 1,5 саат өтмөйүнчө сууга кирүүгө болбойт;
  • уруксат берилген жерде гана сууга түшүү керек;
  • тааныш эмес жерде суу алдына чумкууга болбойт, суу түбүндө таш, учтуу нерселер болушу мүмкүн;
  • балырлуу сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • үйлөмө матрац, камералар, оюнчуктар менен сүзүүгө тыюу салынат. Кокусунан сууда калуу — мыкты сүзгөн адам үчүн да абдан кооптуу;
  • сууда калсаңыз, коркпой, өзүңүздү тынч кармап, суудан өз алдынча чыгууга аракет кылыңыз; 
  • оор дем алып, абаны көп чыгарбаганга аракет кылыңыз, бул суу үстүндө калкып турууга мүмкүндүк берет. Адам абаны 30 секундага чейин чыгарбай турууга жөндөмдүү.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0