Мэрия медицина кызматкерлерин куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекМэрия медицина кызматкерлерин куттуктап, Ардак Грамота тапшырды
Мэрия медицина кызматкерлерин куттуктап, Ардак Грамота тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда июль айынын биринчи дем алыш күнү медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Бишкектин мэриясы шаардагы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамына карата Ардак грамоталар менен сыйлады. Сыйлыкты вице-мэр Айгүл Рыскулова тапшырды.

Ал биринчи иретте медицина кызматкерлерине бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады. 

"Биздин саламаттыгыбызга жардам берген ар бириңиздерге ден соолук каалап, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Сиздер оорубасаңыздар, жалпы элдин ден соолугу чың болот. Биздин өлкөнүн өнүгүшүндө саламаттыкты сактоо системасынын салымы зор. Улуттун дени сак болмоюн, мамлекет өнүкпөйт", — деди Рыскулова.

Мэриянын Ардак грамоталары борбор калаадагы бир нече Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана республикалык маанидеги медециналык мекемелердин дарыгерлерине, медайымдарына тапшырылды.

Кыргызстанда июлдун биринчи дем алыш күнү медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0