Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарынын көбүнүн документи жок

Жазылуу
Бишкек шаарынын вице-мэр Айгүл Рыскулова жарандыгы жокторду кыскаруу үчүн атайын мобилдик топтор Бишкек шаарынын ар бир районунда жана "Дордой", "Аламүдүн" базарларында да иштей тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Бишкектеги жаңы конуштарда абдан көп эл документсиз. Атуулдугу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорту жок жарандар бар. Бул туурасында Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев билдирди.

Жакындан тарта Бишкектеги жарандарды паспорт менен каттоо боюнча кампания туурасындагы маалымат берип жатып, бул парламенттик шайлоо алдындагы мааниге ээ экендигин айтты. 

"Жаңы конуштарда абдан көп эл документсиз. Атуулдугу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорту жок жарандар бар. Биз ЖКга шайлоолор алдында калктын мамлекеттик бирдиктүү каттоо базасын түзөлү деп жатабыз, ал паспортсуз болбойт. Андыктан бул маанилүү делген иштерден болууда", — деди Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев.

Ал эми БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариаттын өкүлү Маки Шинохара бул кичинекейлерге да көйгөй жаратып жаткандыгын айтты.

"Документтин жоктугу бир муундан экинчи муунга өтүп, жаңы төрөлгөн балдар жарандыгы жок болуп төрөлүп жатышат. Бул процесс токтотулушу керек", — деди Шинохара.

Бишкек шаарынын вице-мэр Айгүл Рыскулова жарандыгы жокторду кыскаруу үчүн атайын мобилдик топтор Бишкек шаарынын ар бир районунда иштей тургандыгын билдирди.

"Ар бир райондук администрациялардын ичинде, райондук муниципалдык мекемелерде, андан сырткары "Дордой" базарынын администрациясынын ичинде, "Аламүдүн" базарынын аймагында мобилдик топтор ачылат. Ал жерде Мамкаттоо кызматы менен БУУнун качкындар менен иштөө башкрмалыгынын адистери иштейт", — деди Рыскулова.

Жакындан тарта Борбор калаада БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Бишкек шаардык мэриясы жарансыздардын санын кыскартуу боюнча ири компаниянын баштады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0