Атамбаев Индонезиянын президенти Жоко Видодого көңүл айтты

© REUTERS / RONI BINTANGИндонезиядагы мейманканага кулап түшкөн "Hercules C-130" аскердик-унаа учагы. Архив
Индонезиядагы мейманканага кулап түшкөн Hercules C-130 аскердик-унаа учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Hercules C-130" аскердик-унаа учагы шейшемби күнү Индонезияда абадан жарылып, мейманканага кулап түшкөн. Унаанын ичиндеги 113 адамдын баары каза болду.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев адам өлүмү менен коштолгон авиа кырсыкка байланыштуу Индонезиянын президенти Жоко Видодого көңүл айткан телеграмма жөнөткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирет.

"Hercules C-130" аскердик-унаа учагы шейшемби күнү Индонезияда абадан жарылып, мейманканага кулап түшкөн. Унаанын ичиндеги 113 адамдын баары каза болду. 

Президент өз телеграммасында өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезинен сакайып кетишин каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0