Рафик Мамбеталиев Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болду

© Нурбек АбдыкадыровРафик Мамбеталиев. Архив
Рафик Мамбеталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси буга чейин ИИМдин Онунчу башкармалыгын жетектеп келген.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Рафик Мамбеталиев Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча  мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Милициянын полковниги Рафик Мамбеталиев буга чейин  ИИМдин Онунчу башкармалыгын жетектеп келген.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Алымбай Султанов  өз арызынын негизинде кызматтан алынганын өкмөттүк аппараттан билдиришти. Аны менен кошо үч орун басары да иштен кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0