Видео артынан куугунга түшкөн жаран беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

© Болот ИбрагимовВидеодон алынган сүрөт "Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня". Архив
Видеодон алынган сүрөт Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеого тарткандарды коркуткан тасма каарманынын аты-жөнү такталды. Учурда ал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ кызматкерлери тарабынан издөөгө алынды.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Жол кайгуул кызматы тууралуу тартылган видеону алуу үчүн унаа артынан куугунга түшүп, ролик авторлорун коркутуп, машинанын мамлеккеттик номерлерин жулуп алган видео каарман издөөгө алынды. Ал үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин Бишкек ШИИБ маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди. 

Инспектор кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуулгандуу видеодогу инспекторлор кызматынан бошотулду
Шейшемби күнү социалдык тармактарда ЖКК инспекторлорунун үч жүргүнчүсү бар унааны токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Машинада отургандар 28-июндан 29-июнга караган түнү болгон бул окуяны видеого тартып алышкан. Инспектордун пара талап кылып жаткан жерин тартып алгандан кийин сыртка чыгып кызматкерлердин документтерин сурашкан. Инспекторлордун жанында турган жарандар кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеого ээ болуу үчүн инспекторлор машинанын артынан кууп жөнөшкөнүн жүргүнчүлөрдүн бири Болот Ибрагимов маалымдаган.

Казакбаевдин айтымында, кылмыш иши учурда козголо элек. 

"Учурда коркутуу, талап-тоноо жана бейбаштык фактылары аныкталды. Ал үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн", — деди Казабаев.

Анын айтымында, видеого тарткандарды коркуткан тасма каарманынын аты-жөнү такталды. Учурда ал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ кызматкерлери тарабынан издөөгө алынды.

"Машина табылды, бирок ал адамдын өзү азырынча кармала элек. Демек, анын милициянын штаттан тышкаркы кызматкер экенин далилдөө кыйын. Видеого түшкөн ЖКК инспекторлору ал адамды тааныбай тургандыктарын айтышууда", — дейт Казакбаев.

Шаршемби күнү инспекторлордун пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видео боюнча кызматтык териштирүүнү ИИМ Жеке коопсуздук башкы башкармалыгы жүргүзө турганы белгилүү болду. Иликтөө аракеттери Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0