Жараксыз күбөлүктөрдү МКК алмаштырып берет

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүКоробка кагазы. Архив
Коробка кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн кемтиги аныкталгандыктан жарандар балдары менен Россия аймагына кире албай калганы маалымдалган.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Кемтиги бар күбөлүктөрдү Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) алмаштырып берүүгө милдеттендирилди.

Буга чейин маалымат каражаттары Россия аймагына кирүүдө балдар күбөлүгүнөн "нике тууралуу күбөлүк" деген микрошрифт табылып, мындан улам КР жарандары балдары менен РФке кире албай калганын жазып чыгышкан.

Мамлекеттик каттоо кызматы мөөнөтү белгиленген айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө
МКК маалымат кызматы КР-Х сериясы менен 3230451 жана 3270450 нумерациясындагы күбөлүгү бар жарандар документти алган аймактагы ЗАГС бөлүмдөрүнө кайрылып, күбөлүктөрдү текшертип алууну сунуштайт. Кемтиги бар экени аныкталган документ кезексиз, жеңилдетилген шарт менен алмаштырылып берилет.

Мекеменин кызматтык териштирүүсүнүн натыйжасында 2012-2013-жылдары "Учкун" ААК жараксыз 40 миң күбөлүк даярдаган.

Териштирүүнүн материалдары МКК жана "Учкун" ААКнын жоопкерчилигин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, кемтиги бар күбөлүктөр боюнча маселени жөнгө салуу үчүн жарандарга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен МКК тийиштүү мекеме жетекчилерине кат жолдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0