Унаа айнектерин караңгылаткандарга айып пул салынды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүУнаа айнектерин караңгылаткандырууну ттекшерүү. Архив
Унаа айнектерин караңгылаткандырууну ттекшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш айдын ичинде Жол кайгуул кызматы унаа айнектерин караңгылаткан 4 миңден ашуун учурду каттаган.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Төрт күндүн ичинде унаалардын маңдайкы жана каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 450 учур катталганын Жол кайгуул кызматы (ЖКК) билдирди.

24-28-июнь күндөрү өткөн рейддин негизинде 130 машина унаа токтотуучу жайга токтотулуп, калганына административдик айып пул салынган.

Беш айдын ичинде Жол кайгуул кызматы унаа айнектерин караңгылаткан 4 миңден ашуун учурду каттаган. Мыйзам бузгандарга карата көрүлгөн чаралардын натыйжасында өлкө казынасына алты миллион сомдон ашуун каражат түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0