Кадырбеков: "Орозонун" экинчи бөлүгү даярдалып жатат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусулман. Архив
Мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Орозо" мультфильми Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы жана аалымдар менен кеңешип, сценарий алардын редакциясынан өткөндөн кийин тартылган.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Кыргызстанда орозо айы жана орозо тутуу боюнча кыскача мультфильм жарык көрүп, кезекте экинчиси даярдалууда. Бул туурасында "Ыйман" дин маданиятын өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Sputnik маалымат сайтына айтып берди.

Муфтий: орозо учурунда оозду суу менен чайкаса болот
Кадырбековдун айтымында, эки жарым мүнөттүк мульфильмин тартуу идеясы "Ыйман" фондуна таандык.

"Жылда эле орозонун башталарда талаш-тартыш маселе чыгып келет, илимий тыянакка негизделген жалпы пикир жок. Мындай карай келгенде, чоңдордун көбүндө дин, ыйман, орозо тууралуу пикир аздыр-көптүр калыптанган. Андыктан азыр бул жаатта  балдарга туура багыт берүү зарылдыгы турат. Мултьфильмдин негизги аудиториясы жаш балдар болот эмеспи. Орозону шылтоо кылып, жатык жөнөкөй тил менен чоң маалыматты берели деген ниет болгон", — деди "Ыйман" дин маданиятын өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кадырбеков.

"Орозо" мульфильми Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы жана аалымдар менен кеңешип, сценарий алардын редакциясынан өткөндөн кийин тартылган.

Мечитте намаз окуган мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр түн 13-июлдан 14-июлга караган түнү болот
Кадырбеков учурда долбоордун экинчи бөлүгү тартылып жаткандыгын кабарлады.

"Биринчи бөлүктө орозо деген эмне жана анын башталышы туурасындагы маалыматтарды камтыды. Ал эми кийинкисинде орозонун маани-маңызы, эмнелерди кылыш керек, эмнелерди жасабаш керек деген маселеге кайрылабыз", — деди Кадырбеков.

Диний багыттагы маалыматтык мазмунга ээ бул мультфильмди Мансурбек Ханназаров башында турган кыргыздын улан-кыздарынан турган чыгармачыл топ даярдады.

Биздин каражат аманат акча болгондуктан, аларды болушунча сарамжалдуу пайдаланууга аракет кылабыз. Мындай продукциялар үчүн абдан чоң баа сурагандар да бар экен. Бул жигиттерге, албетте, акысын төлөдүк, бирок алар бир эле каражат үчүн эмес, чын дили, көңүлү менен жасап беришти", — деди Кадырбеков.

Биздин маектештин айтымында, алар 2,5 мүнөттүк мультфильмди бир айга жетпеген мөөнөттө даярдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0