Кадыр түн 13-июлдан 14-июлга караган түнү болот

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечитте намаз окуган мусулмандар. Архив
Мечитте намаз окуган мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыр түндө Кыргызстандагы бардык мечиттерде баяндар окулуп, пайгамбардын хадистери айтылат.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Быйыл кадыр түн 13-июлдан 14-июлга караган түнгө туш келе турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкамарлыгы Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Муфтий: орозо учурунда оозду суу менен чайкаса болот
Кадыр түндө Кыргызстандагы бардык мечиттерде баяндар окулуп, пайгамбардын хадистери айтылат. Бишкек шаарынын борбордук мечитинде да кадыр түндө баяндар окулат.

Орозо 18-июнда башталган. Ал 16-июлда аяктайт. 17-июнда Орозо айт майрамдалат.

Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат. Орозо айынын узактыгы Ай календарына жараша 29 же 30 күн болот.

Орозо айында Кыргызстандын бардык областтары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik инфографикасынан караңыздар.

2015-жылдын орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу убакыттарын (ифтар) Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>  

Жаңылыктар түрмөгү
0