Карабаев: Примаков Кыргызстандын атынан СССРдин Жогорку кеңешине депутат болгон

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүМамлекеттик кызматкер Евгений Примаков. Архив
Мамлекеттик кызматкер Евгений Примаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын экс-премьер-министри жана мурунку тышкы иштер министри Евгений Примаков 85 жаш курагында көз жумду.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Евгений Примаков мамлекеттик кызматкерлерди тарбиялоо системасын түзгөн адамдардын бири болгонун Sputnik агенттигине КР мурунку тышкы иштер министри Эднан Карабаев билдирди.

Россиянын экс-премьер-министри Евгений Примаков каза болду
Россиянын экс-премьер-министри жана мурунку мышкы иштер министри Евгений Примаков 85 жаш курагында көз жумду.

Карабаевдин айтуусу боюнча, кезегинде ал Кыргызстандын атынан СССРдин Жогорку Кеңешине депутат болгон. Чыгаан дипломат, чыгыш таануучу, кеменгер, даанышман адам эле.

Экс-министр Примаковду 90-жылдары тышкы чалгындоонун жетекчилигине дайындаганда, ал кадрларды жана мекеменин потенциалын өз нугунда кармап, чалгындоо түзүмүн кыйроодон сактап калган.

"Бул жылдар абдан оор мезгил болгонуна карабастан, Евгений Максимович ар убак мамлекеттин кызматында болду. Ал эч нерсени бүлүндүрбөгөн, тескерисинче, жаратман адам болчу. Өзү иштеген ар бир жамааттын урмат-сыйга гана ээ болгон", — деди экс-министр.

Карабаев Примаков менен өтө жакын мамиледе болуп, катышпаса да, аны татыктуу адистерди даярдап чыккан мамлекеттик кызматкердин мыкты үлгүсү деп эсептей турганын кошумчалады.

"Примаковдун таасири алдында Россиянын дипломатиялык мектеби абдан күчтөндү", — деп жыйынтыктады ал оюн.

Карабаев Примаковдун өлүмү чоң жоготуу экенин белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0