Эксперттер: бойдон алдырууга тыюу салуу ымыркайлардын өлүмүн көбөйтөт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПериналдык процедура. Архив
Периналдык процедура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жылына 20 миң кыргызстандык аял боюнан алдырат.

БИШКЕК, 26-июнь – Sputnik. Бойдон алдырууга тыюу салуу жөнүндөгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси ымыркайлардын өлүмүн көбөйтө турганын эксперттер айтууда.

Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө өз баласын 25 миң сомго саткан факты боюнча кылмыш иши козголду
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев "бойдон алдыруу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдү кыскартуу жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Эл өкүлдөрү бойдон кандай шартта алдыруу керектиги боюнча эки шартты гана көрсөтүшкөн. Эгер зордуктоонун натыйжасында бойго бүтүп калса, же үй-бүлөдө экинчи майып бала төрөлүп калуу кооптулугу болсо гана бойдон алдырууга уруксат берүү керектигин белгилешүүдө. 

"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналиткалык борборунун директору Кадыр Маликов Sputnik сайтынын кабарчысына шариатка ылайык, зордуктоого туш болгон учурда гана аял боюнан алдырууга укуктуу экенин айтты. Эрежеден четтөө катары, бала майып болуп төрөлө турганын дарыгерлер тастыктаган учурда да төрт айлык болгонго чейин боюнан алдырса болот. 

Депутаттардын демилгеси боюнча мыйзам маселени чечпейт. Башка багытта иш алып барып, жаштар арасында адеп-ахлактык абалды жакшыртууга басым жасаш керек деген оюн билдирди Маликов.

"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун эксперт-психологу Перизат Асылбаева жаңы мыйзам долбоорунун кесепеттери жөнүндө депуттар ойлонгон эмес деп эсептейт. 

Бул жетим балдардын, көмүскө бойдон алдыруулардын, баладан "кутулуу" аракеттеринин көбөйүшүнө алып келип, анан калса, балдардын өлүмүнүн санын да көтөрүп жиберет деп түшүндүрдү адис. Асылбаеванын пикиринде, энелерди талаптагыдай социалдык коргоо менен камсыз кылбаган мамлекет төрөлө элек балдардын камын көрүү жөнүндө азырынча сөз кыла албайт.

"Бизде, жада калса, жөлөк пул да жок. Мисалы, Беларусияда ар бир жаңы төрөлгөн баланын энесине 150 долларга жакын акча төлөп берилет, Россияда болсо энелик капитал деген бар", — деп нааразы болду Асылбаева.

Бактылуу жана бейкут жашаган эненин гана баласы бактылуу төрөлөт деди психолог.

"Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова үй-бүлөнү социалдык колдоо жөнүндө мыйзам долбоору кошо кабыл алынганда гана аталган жаңы эрежелер пайдалуу боло турганын белгиледи. 

"Депутаттар анын кесепеттерин, бала менен энени социалдык коргоо үчүн жоопкерчиликти өзүлөрүнө алышы керек", — деп түшүндүрдү Рыскулова.

Мыйзам долбоорунда аялды боюнан алдырууга мажбурлоо же аргасыз кылгандык үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик жоопко тартуу да сунушталган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жылына 20 миң кыргызстандык аял боюнан алдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0