Автоунааны милдеттүү камсыздандаруу эмне берет?

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОСАГО кагаздары. Архив
ОСАГО кагаздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автожарандык жооперчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруудан эмнелерди күтүүгө боло турганы жөнүндө эксперттер Sputnik сайтынын кабарчысына айтып беришти.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Кыргызстандын парламенти шаршембиде унаа каражат ээлерин жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО) жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. 

Оң рулдуу автоунаалардын каттоо мөөнөтүн алып салуу сунушталууда
Документ унаа каражат ээлерин камсыздандыруу уюмдары менен келишим түзүүгө милдеттендирет. Мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон өкмөттүн маалыматына ылайык, тийиштүү кызматты Кыргызстандын 13 менчик компаниясы көрсөтө алат. Алардын ар биринин уставдык капиталы 50 миллион сомдон кем эмес. Бир унааны камсыздандыруу баасы 2 миң сом. Камсыздандыруучу компания ар бир жол кырсыгы боюнча өзүнө ала турган жоопкерчилик чеги эң көп дегенде 550 миң сомду (адам өлүмү үчүн 200, ден соолукка келтирилген зыян үчүн 200 миң, мүлккө келтирилген зыян үчүн 150 миң) түзөт деп кабарланат. ОСАГО жарым жылдан кийин киргизилери каралууда. 

Sputnik сайтынын кабарчысы кыргызстандык авто сүйүүчүлөргө ОСАГО эмне алып келери туурасында эксперттер менен маектешти.

Темирбек Шабданалиев, КРдин Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы: Милдеттүү түрдө камсыздандыруу — бул бүгүнкү күндүн зарылчылыгы, дүйнө боюнча колдонулуучу заманбап курал. Камсыздандыруу — чыр-чатакты чечүүнүн цивилизациялык жолу. Ал жол кырсыгы болгон учурда жарандарга келтирилген зыяндын төлөнүшүн кепилдейт. Биз цивилизациялуу мамлекет курсак деп жатпайбызбы? Мына ушундай саамалыктарды киргизүүсүз ага жетүү мүмкүн эмес. 

Мамлекеттик каттоо кызматы мөөнөтү белгиленген айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө
Владимир Плужник, "Вигенс" бирдиктүү укук борборунун президенти: Биздин өлкөдө мыйзамдар кандай аткарылары баарыбызга маалым. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам иштебейт. Азыр Кыргызстанда келтирилген зыянды баалоо боюнча оңураак эксперттик уюмдар жок. Жол кырсыгы болгондо, эгер бир тарап жеке менчик эксперттин чыгарган бүтүмүнө макул болбосо, сот аркылуу мамлекеттик баалоо дайындалат. Бүгүнкү күндө жеңил жол кырсыгы боюнча да мындай иш бир жылга созулат. Бир жыл ичинде киши машинасын жүз жолу оңдоп алганга үлгүрбөйбү. Мыйзам күчүнө киргенде, мамлекет өзү арбитр болот. Ал эми жакшыраак эксперттик уюмдар каржылоонун жоктугунан жакында түзүлөрүн күтүп болбойт. 

Тимур Саралаев, юрист: Бизге бул мыйзам долбоору керек. Жол кырсыктарынын саны жыл санап өсүүдө. Ал эми ага кабылгандар көп учурда маселени тынч чече албай, ызы-чуу, чыр-чатак менен аяктайт. Эгер мыйзам оң иштесе, мындай маселелердин баары башкача чечилет. Бирок кайсы компаниялар ишке тартылат, тендер кандайча өтөт деген суроолор пайда болот. Көп учурда мамлекет мындай долбоорлорду ишке ашырайын дегенде, аларга жогорку кызматтарды ээлеген атка минерлердин компаниялары гана катышары адатка айланган. Алар үчүн бул дагы бир киреше булагы. 

Мындай мисалдар көп. Биздин өлкөдө эч бир криминалды, же мамлекетти катыштырбай, өз ишин бир тыйындан кураган ишкерлер бар. Эгер ошондой компаниялар катышса, анда калыс болот. Себеби алар жарандар алдында да, мамлекет алдында да өз милдеттерин ак ниет аткарышат. Эгер баары укук чегинде ишке ашырылса, оң жактарын көрүүгө болот. Мыйзамдын өзүнө эмес, аны ким аткарарына көз салыш керек. 

Хамза Осмонкулов, авто сүйүүчү: Авто унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу керек. Беш-алты эле жыл мурун автоунааны камсыздандыруу жөнүндө кеп кылуунун мааниси жок болчу. Эл буга даяр эмес эле. Азыр бул демилгени көпчүлүк колдойт. Башка өлкөлөрдө бул курал толук колдонулат. Түркияда авто сүйүүчүлөр төлөй турган салык менен камсыздандыруу төлөмү жылына 800 долларга жетет. Таиландда болсо унааны жылына 150 долларга камсыздандырса болот. 

Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФте мигранттар айдоочулук күбөлүктөргө байланыштуу ыңгайсыздыкка кабылууда
Автоунааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алсак, автоунааңды ижарага берип коюп, капарсыз жүрө берсең болот. Мен авто камсыздандыруу мамлекетке "кетсе" дейм, ошондо каражат коммерциялык уюмдарга эмес, бюджетке түшмөк. Ал аз акча эмес. 

Биздин өлкөдө бир да саамалык оң кабыл алынбайт. Бирок баары бир ушул багытта барышыбыз керек деп эсептейм.

ОСАГО — камсыздандыруу жоопкерчилигинин түрү, анда автоунаа ээси жол кырсыгына жана унааны пайдаланууда өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүгө байланышкан мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздайт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, КР боюнча 991 миң 888 автоунаа катталган. Алардын 127 миң 383ү оң рулдуу. 2015-жылдын үч айында каттоого алынган унаалардын саны 11 миң 766га жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0