Финпол УКМКнын аракетин өч алуу деп эсептебейт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарында абийирсиз кызматкерлер да бар. Бул көйгөйдөн биргелешкен аракет менен гана арылууга болот, дейт Финансы полициясы

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Финансы полициясы депутат Улан Нуркуловдун кызматкерлердин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы (КККК) тарабынан кармалышы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өч алуусу деген билдирүүсүн четке какты.

Бычак жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол кызматкерлери тоноочулукка шектелүүдө
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Финпол Бажы кызматы менен биргеликте аткезчилик жана аны коргоо менен алектенген фактыларды аныктоо боюнча жүргүзгөн. Анын натыйжасында Кыргызстандын аймагына кирген жалпы баасы 10 миллион сомдук "Oriflame", "Mary Kay" и "Avon" парфюмериясынын аткезчилигин колдоп келген ККККнын кызматкерлери аныкталган. Аталган кызматкерлер камакка алынып, аларга карата кылмыш иши козголгон.

"Кызматкердерин КККК тарабынан кармалышын Финансы полициясы мекемеге карата УКМКнын өч алуусу дегенге кошулбайт", — деп белгиленет билдирүүдө.

Финансы полициясы кызматкерлер арасында ар убак тазалоо иштерин жүргүзүп келерин билдирет. 

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө УКМК жана Финансы полициясы сыяктуу укук коргоо органдарында абийирсиз кызматкерлер да бар. Бул көйгөйдөн биргелешкен аракет менен гана арылууга болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы УКМК тарабынан кармалган Финполдун кызматкерлерин айыбын сот гана аныктай турганын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0